ЫСЫККӨЛ. “Ак жол” партиясы Ысыккөлдүн бардык район, шаарларына штабдарын ачты. Аталган партиянын облустагы координатору Мурат Жетимишбаевдин айтуусунда, учурда мүчө болгондордун саны 1679га жетти. Ал эми “Ата мекен” партиясы 355 мүчөсүнө партиялык билет тапшырып, 3 миңдей жактоочусунун анкетасын чогултту. Атамекенчилер беш район, эки шаарга аймактык бөлүмдөрүн 3-ноябрда ачып бүтүп иштей баштагынын облустагы жетекчиси Раимжан Намалжанов билдирди. (RB)