Бүгүн кабыл алынган кайрылууда аталган партиянын жаштар канаты Адилет Айтикеевдин камалышын айыптап, аны бийликтин чеккен чыккан мамилеси катары баалады. Кайрылууда ошондой эле Адилет Айтикеевди тез арада бошотуу жана ага өлкө мыйзамдарына жана адам укуктарына ылайык сот жараянын жүргүзүү талабы коюлган. «Канжар» жаштар кыймылынын лидери Адилет Айтикеев оппозициянын 19-апрелдеги митингинде массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалып, кийинчерээк, 27-апрелде баш коргоо чарасын өзгөртүү менен бошотулган эле. Бирок өткөн айдын этегинде коопсуздук кызматы аны качып жургонуно негиздеп кайра камакка алган. (SM)
17:40 «Ата Мекен» партиясынын жаштар канаты апрелдеги тополоң үчүн айыпталган жаш саясатчынын бошотулушун талап кылууда