Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

7:00 Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрайымы маалымат жыйынын өткөрөт


Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова маалымат жыйынында өзүнүн кызматтан атайылап четтетилүү себептери тууралуу айтып бермекчи. Нуржамал Байболованын айтымында коомчулук жана маалымат каражаттары ага шаардык кеңештин фондунан 500 млн сомду короткон деп коюлуп жаткан айыптоолордун негизсиз экендиги тууралуу маалыматтарды алышат. 31-октябрда экс-төрайым ооруканада жаткан кезде шаардык кеңештин депутаттары жыйын өткөрүп, аны кызматынан кетирүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Нуржамал Байболова өзүнүн кызматтан четтетилүүсүн парламенттик шайлоо алдындагы бийлик тарабынан атайын жасалган аракет деп баалап, кесиптештеринин мыйзамсыз чечимин сотко берүүнү көздөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG