БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча саясий патияларды каттоо алар партиялык тизмени БШКга бергенден тартып башталат. 18-ноябрда болсо шайлоо аймактарынын чегаралары такталып бүтөт, ошол күндөн тарта участкалык шайлоо комиссияларын түзүү башталат. Участкалык шайлоо комиссиялары райондук жана шаардык шайлоо комиссиялары сыяктуу эле шайлоочулар жыйыны жана саясий партиялар тарабынан сунушталган талапкерлердин негизинде түзүлмөкчү. (ZKo)