Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

АКШнын мамлекеттик катчысы бүгүн Палестин лидери менен жолугушат


Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен Палестин лидери Махмуд Аббас жана башка расмий адамдардын жолугушуусу Иордандын батыш жээгинде болору күтүлүүдө. Кондолиза Райс кечээ Иерусалимде Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Эльморт, тышкы иштер жана коргоо министри менен жолугушкан. Райс тараптар менен жакында АКШда өтөрү болжолдонуп жаткан Жакынкы чыгышты тынчтандырууга арналган жыйын, палестин-израиль чатагын тынчтык жолу менен чечүү тууралуу сүйлөшмөкчү. Эл аралык тынчтык планында Палестин мамлекетин түзүү каралган, бирок ошол эле учурда Израил толук коопсуздукта болору тууралуу кепилдик берилиши керек. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда кечээ Газа тилкесинде израиль аскерлери төрт палестиндикти атып өлтүрүштү.

XS
SM
MD
LG