Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын жаш канатынын Адилет Айтикеевдин кармалышына байланыштуу тараткан билдирүүдө айтылат. Анда оппозициялык “Канжар” жаштар уюмунун лидери А. Айтикеевдин “өзгөчө коркунучтуу кылмышкер” катары абакка камалышы өлкөдөгү демократиялык жараяндарга шек келтирет деп баса белгиленген. Жаш атамекенчилер Адилет Айтикеевдин бошотулушун, соттук териштирүүлөр мыйзам чегинде өтүшүн, адам укуктары сакталышын талап кылышууда. (EBM)