Бишкек шаар кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, аны кызматтан четтетүү боюнча шаар кеңештин 31-октябрдагы кезексиз жыйыны мыйзамсыз экенин, учурда бул боюнча сотко арыз даярдалып жатканын билдирди. Ошондой эле ал ден соолугуна байланыштуу жыйынга катыша албай калганын, Эмгек кодекси боюнча бул жерде анын укуктары бузулганын айтып, орун басары Татьяна Пономарева экөөнүн кызматтан четтетилишин саясий себептер менен байланыштырды. Нуржамал Байболова мындан сырткары айрым маалымат каражаттарында айтылган шаар кеңештин бюджетинен 500 млн.сом максатсыз пайдаланганы тууралуу маалымат чындыкка коошпостугуна, шаар кеңештин бюджети 8 млн. гана сомду түзөөрүнө токтолду.(SM)