Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

17:40 К. Бакиевдин атасынын, агасынын жана жубайынын ысмын түбөлүк калтыруу сунушу көтөрүлдү


Карасуудагы «Умид» уюму Кызылкыштак айыл өкмөтүнө караштуу чоң көчөлөрдүн бирине Президент К. Бакиевдин атасы Салинин ысымын ыйгаруу саамалыгын көтөрүүдө. Демилге автору, уюмдун башчысы Диляфруз Рахмонова «Азаттыкка» билдиргенине караганда, «ушундай жол менен гана элетти антикризис программасына коштуруп, турмушун оңдоого өбөлгө түзүлмөкчү». «Умидчилер» мындан тышкары айылдагы мектептин чоң классына Президенттин жубайы Татьяна Бакиеванын, суу пайдалануучулар бирикмесине маркум тууганы Жусуп Бакиевдин атын сунуш этип, ал аркылуу бир топ проблемаларын чечтирип алууга аракет кылышууда. Бейөкөмөт уюмдун мындай аракетин жергиликтүү серепчилер жеке адамга сыйынуу, ашкан кошоматчылык сыңары баалап, кокус Кызылкыштак айылдык Кеңеши демилгени кубаттаса, башка аймактарда да президентке табынууга жол ачылаарына кабатырланып жатышат. (АТо)

XS
SM
MD
LG