АКШ аскерлери өлкөнүн борбордук бөлүгүнөн тапкан ал бункер барымтага алынгандар кармалуучу жай болгон деп болжолдонууда. Ал жерден ошондой эле курал-жарак: ракеталар, мылтыктар, минемоттор, ок –дары сакталган жай да табылып, баары жок кылынды. АКШ аскерлери башкалаа Багдаддан түндүк тарапта, Самарра шаарынан батыш тарапта "аль-каида" активисттерине каршы бир суткага созулган операцияны өткөн жума күнү жүргүзгөн.