Президент Михаил Саакашвилинин отставкасын талап кылган бул демонстрациялар төрт жыл мурдагы роза ыңкылабынан берки эң ири нааразылык акциясы катары каралууда. Ал оң миңдеген адамдардын көңүлүн бурду. Кечээ теледен берилген интервьюсунда президент Михаил Саакашвили оппозициянын шайлоону эрте өткөрүү жөнүндөгү талабын четке какты. Шайлоо Конституцияга ылайык, 2008-жылдын күзүндө өтөрүн, башка мөөнөткө жылдырылбасын белгиледи. Грузия президенти ошондой эле, анын өлкөсүндөгү кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөп жаткандар катары Орусиядагы "олигархиялык күчтөрдү" ишара кылды. Оппозиция лидерлери болсо президенттин мындай пикирин негизсиз деп төгүндөштү.