Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

ЖАҢЫ ЖАРАКА ЭСКИ ШЫНААДАН ЧЫКТЫБЫ?


Айтылуу Үсөн Сыдыков жолбашчысы болгон «Жаңы Кыргызстан» партиясы президенттин «Ак жол, Кыргызстан» партиясына жардам берүү үчүн шайлоого өз алдынча баруудан баш тартканы белгилүү. Бирок «Жаңы Кыргызстандын» Ош шаардык уюмунун мүчөлөрүн жана колдоочуларын тынчсыздандырган маселе, акыркы күндөрү «Ак жол» партиясына акаевдик «Алга, Кыргызстан» менен «Адилет» партияларынын жек көрүмчү мүчөлөрүнүн толо баштаганы. Ошондуктан Ош шаардык уюму «Ак жолго» төмөнкүдөй шарттарды коет:

1.«Алга Кыргызстан», «Адилет» партияларынын көрүнүктүү мүчөлөрүн «Ак жолго» алуу жана Жогорку Кеңешке партиялык тизмеге кошууну барып турган прнципсиздик деп эсептейбиз.
2.Акаев доорунда бийликтин, арам акчанын күчү менен депутат болгондордун көбү кайра эле «Ак жол» аркылуу мандатка умтулууда. Эл алардан тажаган. «Ак жол» партиясына жаңы лидерлер, таза адамдар баруусун колдойбуз.
3.Эгер бул аракеттер «Ак жол» партиясы аркылуу аткарылбаса, анда «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош шаардык уюму шайлоодо «Ак жол» партиясын колдоодон баш тартат.
З.С.Божонов,Партиянын Ош шаардык төрагасы,
М.Эргешов, штаб башчысы,
А.Жолдошева, гендердик ресурс борборунун жетекчиси, С.Абдыкадыров, «Цивиндем» студенттик эркин
гезитинин уюштуруучусу,
Э.Бакиров, «Ойгон, Кыргызстан жаштары!» уюму
өкүлү ж.б. Бардыгы 27 адам кол койгон.

Бул каттын бүгүн жарык көргөн «Агым» гезити басты. Ушул эле гезит аркылуу интервью берген УТРК башдеректиринин милдетин аткаруучу М.Эшимканов кандай болгон күндө да реформага барарын, структуралык жактан да, редакциялык саясат жагынан да кыйла өзгөрүү болорун, ошондуктан орунбасары Б.Бекешовду сый мамиле менен бошотуп, ага каалаган долбоор менен иштей берүүнү сунуш кылганын, анын ордуна көп жагынан чыгармачыл көз караштары окшош Эрнис Кыязовду орун басар кылганын, эң башкысы олуттуу кызмат орундарына Түндүк-Түштүгүнө, жынысы менен улутуна карабастан, күч бере турганына, талантына карап мамиле жасаларын айтат. Интервьюнун калган бөлүгү кийинки санга калтырылган. Гезит ошодой эле президенттин админстрация башчысы М.Садыркулов менен баарлашуусун жарыялады.

«Новый Кыргызстан» гезити президенттик администрациянын мурдагы башчысы М.Абдылдаев менен «Асаба» партиясынын жетекчиси А.Бекназаров кан куда болуп калышканын, Мыктыбек мырзанын кызы Азимбек мырзанын уулуна турмушка чыкканын, кыргыз бийлигинин акылдуу адамдарга таянып иш алып барбаганынын кесепети эртең элге тиерин, кыргыздарды жер үстүнөн жок болуп кеткен мамонттун кайгылуу тагдыры күтүп турганын доктор Ж.Назаралиев коңгуроо кылып какканын, Кыргызстанга чыккынчылык кылды деген айып менен камакта жаткан Ж.Арыкованын адвокаты А.Касымалиева Жыпарды коргоодон баш тарктанын, анткени жергиликтүү гезиттердин бири аркылуу Жыпардын дагы бир адвокаты Н.Зотова айым анын дарегине шек келтирген сөздөрдү айтып чыкканы себеп болгонун маалымдады.

«МСН суббота» гезити Кыргызстан жакынкы он жыл ичинде айдоо жерлеринин жарымынан кол жууй тургандыгын, анткени 700 миң гектар жер эрозияга учураганын, аны кайрадан калыбына келтирүү үчүн оңбогондой каражат кетерин кабарлады.

«Аалам» гезити маркум И.Раззаковдун «Күчтүүдөн коркпо, өзүңдүн алсыздыгыңдан корк» деген сөзүн шилтеме кылуу менен шайлоо алдындагы партияларга учкай баам салды. Бүгүнкү күндө «Ата Мекендин» туусу астында жалпы оппозициялык күчтөр баш кошконун, акыйкаттын, чындыктын жоктугунан, жакырчылыктан тажаган элдин көбү «Ата Мекенди» туу тутуп, ага ишеним артып жатканын, калыс шайлоо болсо бул партия жеңишке жетээрин, ал эми Ф.Куловдун «арнамысчыларынын» оппозцияга кошулуу аракетинен майнап чыкпаган соң өз алдынча шайлоого бара турганын жар салганын, бул партия каражат жагынан кыйналбаган менен элден колдоо таппай кыйналарын, Компартия эгер А.Масалиевдин көзү тирүү болгондо сөзсүз ийгиликке жетишмегин, азыр бул бир компартия үчкө бөлүнүп, мүчөлөрү кимисин ээрчирин билбей баштары маң болуп турганын, «Асабанын» акчасы аз дедиби, Роза Отунбаева аны менен ажырашып Атамбаевге барып киргенин, жакында ошол акчасы аз «асабага» акчасы көп банкир М.Мукашев барганын, ал эми Атамбаевдин партиясынын кадырын Атамбаев өзү кетирип жатканын, ал Акүйдүн 7-кабатында олтуруп алып «өз партияма жардам берем» деп айтканын, бул сөзү партиялык тизме такталып бүтөрү менен кайра өз башына таяк болуп тиерин, «эмне үчүн бул 7-кабатта олтуруп алып өз партиясына жарадам берип атат?» деген суроо ошол эле Акүйдүн өзүнөн чыгарын, анан кожоюн аны тепчү жерге тээп түшөрүн, «Ак жол» партиясы болсо Бакиев ойлогондой эмес, тескерисинче мамлекеттин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон, байууну гана көздөгөн, элди ойлобогон «шумпайлар» тегеректеп алганын, таза адамдар аз болуп, болсо да ошондойлордун далдасынан көрүнбөй калып жатканын, элдин баамында «Ак жол» партиясынын кадыр-баркы жоктугун, андагылар азыртан эле мандаттарды ой келгендей соодалай башташканын, ал эми Ү.Сыдыковдун «Жаңы Кыргызстан» партияысы тушоосу кесилбей жатып чарчап калганын, «Жаңы Кыргызстандын» жакшы тилеги март ыңкылабынын бешиги делген Жалал-Абаддагы жаңжалдани улам таш капканын, кафеде өтөн курултайда түштүктүн аксакал-көксакалдары Ү.Сыдыковду сындап, «Эмне үчүн Акаевдин «Алга, Кыргызстанынан» калган куйруктар түзгөн …жолго кошуласыңар, антсеңер өзүңөр кошулгула, биз кошулбайбыз!» деп, курултайдын арты ызы-чууга айланып, чечим чыкпай тарап кетишкенин, мунун кесепетинен «Жаңы Кыргызстан» Боршайкомго катталбай калганын, партия жолбашчысы Ү.Сыдыков болсо эми өзү жактырбай, тирешип келаткан М.Садыркуловго жалдырап, «Ак жолдун» эшигин кагып жүрбөгөй эле, деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG