Бул тууралуу «Азаттыкка» партия төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирди. Курултайда парламенттик шайлоого чыкчу талапкерлердин тизмеси такталат. Эмил Алиевдин айтымында, ага чейин «Ар намыс» партиясы шайлоого кайсы партия менен бараары ага чейин белгилүү болот. Курултайдын алдында, 8-ноябрда болсо партия төрагасы Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрөт.(SM)