Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин соту ушул жума күнү башталат. Рахат Алиев Венада жүргөндүгүнө байланыштуу сот сырттан жүргүзүлмөкчү. Ага адам уурдаган, коркутуп-үркүтүп акча өндүргөн, мыйзамсыз курал колдонгон жана мыйзамсыз каржылык аракеттерди жасаган деген айып тагылган.