Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

16:20 Өзгөндөгү Доңузтоо жаңгак токоюндагы өрт 7-ноябрда түштөн кийин өчүрүлдү


Бул туурасында чукул кырдаалдар министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын басма сөз жетекчиси Абдушарип Бекилов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, 2-ноябрда тутанган жалын токтобостон 200 гектар жаңгак жана башка өсүмдүктөр токоюн күйгүзүп таштаган. Учурда 200 чакты адис чыгымды аныктап, калган аянтты кайтаруу камында жүрөт.
Академик Биймырза Токторалиев бул окуя боюнча Урмат Абдыкалыков аттуу жигиттин Өзгөн милициясы тарабынан кармалышына макул эмес. Анын пикиринде, мындай диверсияны жогорку кызматтагы кишилер тобу жасашы ыктымал. Анын учугу табылмайынча, калган токойлорго да коркунуч бардыгын эскертет академик Токторалиев.(ATo)

XS
SM
MD
LG