Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

7:15 Жаш саясатчылар апрель митингинин катышуучуларын куугунтуктоону токтотуу талабы менен акция өткөрөт


Нааразылык иш-чарасын “Жаш саясатчылар” форуму уюштурууда. Ага бир нече саясий партиялардын жаш канаттары кошуларын билдиришкен. Акция ушул тапта апрель митинги учурунда баш-аламандыкты уюштурган деп айыпталып жаткан Адилет Айтикеев камалып отурган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдында өткөрүлөт. Адилет Айтикеев апрель митингин уюштурган “Бириккен Фронттун” жаш канаты “Канжар” кыймылынын лидерлеринин бири.
“Жаш саясатчылар” форумунун билдирүүсү боюнча алардын Адилет Айтикеевди бошотуу талабы менен бийликке кайрылуусуна жооп болгон эмес. Жаш саясатчылар бийлик минтип камоо менен элди мындан ары митинг-пикетке чыкпасын деп коркутуп-үркүтүүнү максат кылып жатат, деп эсептешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG