Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

15:50 “Кыргызстан жашылдар” партиясы билдирүү таратты


Билдирүүдө бүгүн УКМК имаратынын жанында Адилет Айтикеевди, Жылдызбек Кенжебаевди жана Амантай Сейталиевди коргоо акциясына чыгышкан аталган партиянын жаш канатынын беш өкүлүнө Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги М.Токтошевден 12-ноябрга ИИБ чакыруу келгендиги айтылат. Ошондой эле 14-октябрдан баштап укук коргоо органдары аталган партиянын жаш канаттарынын изине түшүп, куугунтукка алынганы белгиленген.
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин айтымында, 16-декабрда өтүүчү парламенттик шайлоого саясий партиялардын күрөшү алдында бийликтин жана бийлик бутактарынын камап коркутуусу, сөз эркиндигин басмырлап, документтерди, жеке мүлктү алуусу бийликтин саясатына элдин нааразылыгын туудурат. Бөлөкбаев “Эмки кезекте саясий партияларды жана алардын мүчөлөрүн Конституциялык эмес, репрессиялык жол менен коркутуп үркүтүүгө өтөт”,-деп эсептеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG