Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

12:40 Байкоочу кеңеш ишин токтоткон жок


Бирок кворум жоктугунан толук кандуу иш жүрбөй жатат. Бул тууралуу УТРКнын Байкоочу кеңешинин жети мүчөсү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, Байкоочу кеңештин 8 мүчөсү көшөгөнүн артындагы саясий оюндардын кесепетинен өз иштерин токтотуп коюшкан. Бирок алардын мүчөлүктөн чыгуу боюнча арыздары жок. Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнөн баш тарткандардын төртөөнү президент, экөөнү жарандык уюмдар, экөөнү парламент сунуштаган. Ошондуктан биз президентке кайрылуу жолдоп, мүчөлүктөн чыккан төртөөнүн ордуна регламентке ылайык милдетин аткаруучу кылып төртөөнү дайындоону сурандык, деп билдиришти Байкоочу кеңештин иштеп жаткан мүчөлөрү. Алар Гүлнара Ибарева, Нурия Иманкулова, Мыктыбек Өмүрзаков , Сапарбек Орозбаков, Эльвиара Сариева, Исмаилжан Шайбеков, Бактыбек Малтабаров. (AJ)

XS
SM
MD
LG