Бул тууралуу инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча өткөрүлгөн тегерек үстөл жыйынында мамлекет башчы Курманбек Бакиев билдирди. Ал ошондой эле 16-декабрда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүүчү парламенттик шайлоо катуу мыйзамдын чегинде өтөрүн, шайлоо учурунда бийлик кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол бербестигин баса белгиледи. Өлкө башчы жаңы парламент натыйжалуу иштеп, өлкөнүн экономикасын көтөрүү боюнча мыйзамдарды кабыл алууга кызмат кыларына үмүтү зор экенин айтты. (AJ)