Жалил Садыковдун жетимиш беш жылдык мааракелик салтанаты акындын “Алатоо” аттуу ырынан кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Тынара Абдразаева менен кыргыз Эл артисти Эгемберди Бекболиевдердин көркөм окуусу менен ачылды:
- Ушул жер – биздин төрөлүп өскөн жерибиз,
Бул жерде жашайт ак калпак кыргыз элибиз.
Бабалар коргоп бул жерди бизге бергендей,
Келечек муунга биздин да керек берүүбүз.
Алатоо – ыйык аталар каны тамган жер,
Күл болуп күйүп, кайгыда өрттөй жанган жер.
Катылган жоого калкандай тосуп жүрөгүн,
Кабылан Манас – кыргызын сактап калган жер.
Куттуктоо сөздү алгач маданият жана маалымат министри Султан Раев алып, Жалил Садыковду “кыргыздын Шекспири” атады:
- Жалил Садыков – кыргыздын Шекспири. Улуу Манас бабабызга сахнадагы драмалары аркылуу экинчи өмүр берген инсан. “Айкөл Манастай” чыгарманы Жалил Садыковдой айкөл адам гана жарата алмак.
Ал эми кыргыз республикасынын вице-премьер министри Досбол Нур уулу кыргыз өкмөтүнүн атынан Жалил Садыковго мааракелик сыйлык катары жүз миң сом тапшырды:
- Жалил Садыковдун айрыкча драматургиядагы “Манас” үчилтиги менен кыргыз элинин уламкы жаңы муундары тарбияланып жатат жана тарбиялана бермекчи. Кыргыз өкмөтү кыргыз Эл акыны Жалил Садыковго жетимиш беш жылдык мааракесине белек катары жүз миң сом тапшырат.
Салтанаттын жүрүшүндө Жалил Садыковдун “Айкөл Манас”, “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” драмаларынан үзүндүлөр аткарылды. Бакайдын Каныкейди узатып аткан жеринен кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева жана кыргыз Эл артисти Асанкул Осмоновдор үзүндү аткарышты:
- Жүрөгүмдүн жарымысы калган жерди сагынып,
Желе-желе кулундун байланганын сагынып.
Барчын шаңшып зооканы айланганын сагынып,
Күн нуруна Алатоо чагылганын сагынып...
Өлбөсөм кайра кайтармын,
Өзөнгө бээни байлармын,
Өлтүрмөк болгон шумдардын,
Өздөрүн кайра жайлармын... Аке:
-Ак батамды берейин балам.
Аман барып, аман кел...
Жалил Садыковдун обондуу ырлары Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда аткарылды. Жалил Садыковду акын калемдештери кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев жана белгилүү акын Акбар Рыскуловдор ыр менен куттукташты. Сооронбай Жусуев:
- Каламыңда бек кармаган кучагында,
Качан болсо ой белен да, сыр белен.
Калкың үчүн өмүрүңдү бүт арнап.
Кызмат кылдың канаты учкул ыр менен.
Акбар Рыскулов:
- Тарых эбак таптаган, далилдеген,
Талант пири Садыков Жалил деген.
Жүз жашка да жетиңиз кадыр менен.
Жүз жашты да тосуңуз жаңы ыр менен.
Салтанат соңунда сөз ыйгарылган кыргыз Эл акыны Жалил Садыков чыгармачыл адамдарды океандагы жүк жүктөнүп бараткан баржаларга салыштырды:
- Эгер бул дүйнөнү чексиз океанга салыштырсак, калемгерлер бири-бирине чиркешип жүк жүктөнүп бараткан баржалар сыяктанат. Ал жүктөр – мекендин, элдин жүгү. Мен да ошол мекен жүгүн, эл жүгүн аркалап келатканыма бактылуумун