Ага катышуу үчүн 12-13-ноябрь күндөрү казак тышкы иштер министри М.Тажин Кыргызстанга ырасмий сапар менен келет. Ал кыргыз кесиптеши Э.Карабаев менен 2006-2007-жылдары эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий багыттагы макулдашылган келишимдер чегинде кызматташуу тууралуу сүйлөшүшөт. Бул ырасмий сапарында казак тышкы иштер министри ошондой эле президент К.Бакиев жана өкмөт башчы А.Атамбаев менен да жолугушат.(EKa)