ОШ. Аталган уюмдун лидери Төлөн Дыйканбаевдин 10-ноябрда «Азаттыкка» билдиришинче, анда Орусиянын 1916-жылы кыргыздарды кыруу саясатына тарыхый баа берүү, геноцидден курман болгондордун жана аргасыздан тентигендердин ар кимисинин укум-тукумуна Путиндин өкмөтүнөн 200 евродон кун төлөттүрүү талабы коюлмакчы. Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин доценти Сыдык Смадияров улутчул социал-патриоттордун мындай жоругун акылсыздык катары баалады. (АТо)