АКШ президенти Жорж Буш менен немец канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү Буштун Техастагы ранчосунда өтөт. Анда Ирандын өзөктүк программасы, Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруунун жолдору, Косовонун келечеги өңдүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.