Жарандардын эркин жыйналуу укугунун бузулганына байланыштуу тынчсыздануу билдиришип, бүгүн укук коргоочулар Бишкекте жыйын курушат. Ага “Кылым шамы” бейөкмөт уюуму, “Демократия үчүн коалициясы”, “Жаштардын укук коргоо тобу”, “Тынчтык – маданият жарыгы” жана “Биздин кылым” жаштар уюумдарынан өкүлдөр катышат. Жыйында Башмыйзамда көрсөтүлгөн эркин жыйналуу жарандар укугуна шек келтирилип, кысым көрсөтүү орун алып жатканы сынга алынат. (EKa)