Мамлекттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Мэтью Брайза грузин бийликтерин өлкөдөгү өзгөчө абалды жоюуга чакырмакчы. Ал президенти Михаил Саакашвили менен жолугары күтүлүүдө. Өзгөчө абал 7-ноябрдан тартып, 15 күндүк мөөнөткө киргизилген. Президент Михаил Саакашвили кечээ мындай тартип өкмөт өлкөдө кырдаал турукташты деп эсептегенде жоюларын билдирди.