Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Ирандын өзөктүк программасына байланышкан тирешүүнү жөнгө салуу үчүн дипломатиялык аракеттер улантылат


Ушундай макулдашууга келгенин АКШнын президенти Жорж Буш жана Германия кацлери Ангела Меркел билдиришти. Алардын бул жолку сүйлөшүүлөрү Буштун Техастагы ранчосунда өттү. Президент Жорж Буштун айтымында, дипломатиялык аракеттердин улантылышы Ирандын режими мындан ары да изоляцияланат дегенди туюндурат:

- Ирандын режими түшүнүшү керек. Биз бул проблеманы дипломатиялык жол менен чечүүнүн үстүндө бирге иштөөнү улантабыз. Бул алар мындан ары да изоляцияланат дегенди билдирет. Иран эли болсо биз алардын мурасын, салт-санасын, потенциалын урматтаарыбызды түшүнүшү абзел. Бирок, жетекчилиги аларды жаркын келечектен ажыратып жаткан чечимдерди кабыл алууда.

Немец канцлери Ангела Меркел болсо Ирандын шектүү өзөктүк изилдөөлөрүн токтотуудан баш тарта бериши Улуттар уюмунун жаңы санкциясын талап кылышы мүмкүн экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG