Бул тууралуу бүгүн президент Первез Мушараф жарыялады. Ал ошондой эле буга жол ачуу үчүн алдыдагы бейшемби күнү өлкө парламенти таратыларын кошумчалады. Оппозиция менен өкмөттүн тирешүүсү уланып жаткан Пакистанда азыр өзгөчө абал сакталууда. Мындай тартип өткөн ишемби күнү киргизилген эле. Президент Первез Мушараф бүгүнкү пресс-конференцияда өзгөчө абал качан жоюларын азырынча айта албасын белгиледи:
-Мен өзгөчө абал жоюлуш керектигин түшүнөм. Бирок биз кыйын кырдаалда тургандыктан улам менен анын мөөнөтүн айта албайм.
-Мен өзгөчө абал жоюлуш керектигин түшүнөм. Бирок биз кыйын кырдаалда тургандыктан улам менен анын мөөнөтүн айта албайм.