Өткөн жумада Тышкы иштер министри Исмаил Исаков менен Франциянын Тышкы иштер министрлигинин аскердик, коргонуу боюнча кызматташуу башкармалыгынын деректири Эммануэл Бет жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн аскердик алака-байланышынын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Билим берүү жаатындагы алмашуу программаларынын, салтка айланып калган кыргыз-фанцуз аскерлеринин биргелешкен машыгууларынын мааниси белгиленди. Коргоо министрлигинин маалымдашынча эки жылдын ичинде тогуз кыргызстандык атуул Франциядан окуп келген. Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайда жана Улуттук аскердик лицейде француз тараптын колдоосу менен атайын класстар ачылган. (EBM)