Бүгүн болгон кеңешмеде Бишкекте мэрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов баш калааны башкаруунун жаңы структурасын иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма берди. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Данияр Үсөнов шаарды башкаруу вертикалы туура эмес уюшулган үчүн каттар менен арыз-даттануулардын толтура агымы түздөн түз мэрдин өзүнө келип жатканын белгилеген. Мэр келип түшкөн каттар боюнча акимдерге кат жазып, маселе коюп, алар кайра мэрге жооп берип, мэр кайра даттангандарга кат жазып, башкаруу системасы бюрократташып кетүүдө. «Советтик эски борборлоштурулган системаны бузуш керек. Бийликти элге жакын кылуу керек»,- деп баса белгилеген шаар башчысы. Д. Үсөновдун айтымында, жер талашы, мектеп, бала-бакча куруу, дүкөндөрдү коюу сыяктуу көптөгөн маселелерди шаардын райондору өздөрү эле чечип кое алышат. Ошол эле учурда мэрия коомдук транспортту уюштуруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, электр линияларын тартуу, суу түтүктөрүн, канализацияны куруу сыяктуу чоң-чоң маселелерди чечүү менен алек болушу керек. (KCh)