Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Беназир Бхутто пакистандыктарды президент Первез Мушарафка каршы нааразылык акцияга кошулууга чакырды


Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Бхутто эртең Лахор шаарынан баш калаа Исламабадка чейин жүрүш жасоону пландаштырууда. Бүгүн Пакистандын оппозициясы президент Первез Мушаррафты парламенттик шайлоо алдында өлкөдө киргизилген чукул кырдаалды алып таштоого чакырууда. Мушарраф жекшемби күнү парламенттик шайлоо 9-январга чейин өтө тургандыгын айтып, бирок чукул кырдаал алынбай тургандыгын кошумчалаган эле. Оппозиция лидерлери өлкөгө киргизилген чукул кырдаал шайлоонун таза жана эркин өтүүсү үчүн тоскоол боло тургандыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG