Дүйшөмбүдө Ооганстандын Пакистандын чегарасына жакын жеринде болгон жарылууда НАТОнун эки жоокери жана алардын оогандык котормочусу мерт болгондугу кабарланды. Өткөн аптада мерт болгон эл аралык күчтөрдүн жоокерлеринин саны 11ге жетти. АКШ коалициясынын маалыматына караганда, жекшемби күнү Гильмен провинциясында талиптерге каршы операцияда 15 согушкер жана үч жай адам мерт болду. Ооган бийлиги өткөн аптада ар кыл жарылууларда жана кагылышууларда 22 адам набыт болгондугун билдирди.