АКШнын БУУдагы элчиси Залмай Халилзаддын билдиргенине караганда, жагдай Ооганстандын түштүк жагында начарлап кетти, ошондуктан, АКШ бул багытта президент Хамид Карзайдан чечкиндүү кадамдарды күтөт. Халилзаддын америка-ооган ишкер конференциясында билдиргенге караганда, бул жалпы Жакынкы чыгыштагы илгерилөөгө, стабилдүүлүккө олуттуу таасир этет.
Америка Кошмо штаттары Ооганстандагы коррупция күчөп, коопсуздук начарлап кетти деп тынчсызданды