Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн кеээки иш жыйынында айтылды. Анда баалардын кескин кымбатташына байланыштуу өкмөт тарабынан аткарылган иш-чаралар пайдасын берип, Кыргызстандын базарларында азык-түлүктүн баалары арзандагандыгы белгиленди. Ошондой эле мындан ары да азык-түлүктүн баасын бир калыпта кармоо максатында бир нече сунуштар айтылды. Азык-түлүк базарындагы кырдаалды иликтөө комиссиясынын мүчөсү Улан Рыскелдиев нан жана башка азыктардын бааларын бир калыпта кармоо, чайкоочулукка жол бербөө, атамекендик ишкерлерге азык-түлүк өндүрүүнү көбөйтүүгө өбөлгө түзүү –өлкөнү азык-түлүк менен камсыз кылуунун негизги тапшырмалары экендигин билдирди. Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бааларга иликтөө жана талдоо жүргүзүп туруунун зарылдыгын белгиледи. (ZKo)