Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

11:05 Ысыккөлдө маданият кызматкерлерин сыйлоого бөлүнгөн акча жоголду


Маданият кызматкерлерин сыйлоо үчүн бөлүнгөн 135 миң сомдун жоголуп кеткени тууралуу облустун жетекчилиги, маданият кызматкерлери жана көпчүлүк кечээ билишти. Каракол шаарында маданият кызматкерлерине акчалай сыйлык тапшыруу учурунда облустун губернатору Кыдыкбек Исаев конверттер бош экендигин байкаган эмес. Жетиөгүз райондук маданият үйүнүн кызматкерлери өздөрүнө берилген конверттерде эчнерсе жок экендигин билдиришкенде салтанаттуу жыйын токтотулуп, губернатор жеңүүчүлөргө өз чөнтөгүнөн 5 миң сом берүүгө аргасыз болгон. Териштирүү учурунда облустук маданият башкармалыгынын жетекчиси Зинагүл Камбарова сыйлык үчүн бөлүнгөн акча бир нече күн мурда сейфтен уурдалып кеткендигин кабарлаган. Азыр бул иш боюнча милиция иликтөө жүргүзүүдө, деп кабарлайт облустагы кабарчыбыз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG