Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

14:10 Өкмөт үйүнүн алдында адам укугуна арналган пикет болуп өттү


Пикетти укук коргоочулар уюштурду. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова, “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова жана башка укук коргоочулар куугунтуктоо токтотулуусун, милиция менен коопсуздук кызматы мыйзамдуу форматта иштеп, саясий курал болбоосун, реалдуу реформалар жүргүзүлүп, соттор көз карандысыз болуусун талап кылышты. Ошондой эле алар жалпы элге кайрылуу жасап, мамлекет башчы Курманбек Бакиевден Конституциянын кепили катары жарандардын укугун сактоону талап кылышты.
Укук коргоочулар октябрь жана ноябрь айларында жарандарга тынч, эркин чогулууга мүмкүнчүлүк бербеген шаар бийлигин жана бир нече кишини кармаган тартип сактоо органын айыптап, Кыргызстанда адам укуктары коркунучта тургандыгын билдиришүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG