Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

14:35 Ысыккөлдүн маданият башкармалыгынын казынасынан жоголгон акча кайра кайтарылды


Облус губернатору маданият кызматкерлерин сыйлап жатып, алдыңкыларга конвертке салынган акча таратмак. Бирок ал тапшырган конверттердин айрымдарында акча жок болуп чыкты. Муну билип калган Кыдыкбек Исаев өз жанынан 5000 сом чыгарып, абалды жайгарууга аракет жасады. Губернатор орунбасары Светлана Мамедованын “Азаттыкка” айтымында, бош берилген конверттерге маданият башкармасынын эсепчиси Гулжан Жайыкова күнөөлү экени ырасталды. Анын айтуусунда маданият күндөрүн өткөрүүгө Ысыккөл фондусунан 17-майда 150 миң сом болунуп, 135 миң сом мыкты айыл өкмөтү, мыкты маданият үйү деген өңдүү бир топ номинацияларга сыйлык катары тапшырылмак. Бирок 6 ай сактала турган акчанын 41 мин сомун тегеретип алуу максатында маданият башкармасынын эсепчиси Гулжан Жайыкова туугандарына берип койгон. Кол алдындагы кызматкери мамлекеттик казынага минтип кол салганынан кабардар эмес экенин белгилеген жетекчи Зинагүл Камбарова Жайыкованын инисинин машинасы күрөөгө коюлуп, 41 миң сом бош берилген конверттерге ошол эле күнү кайтарылганын маалымдады. (RB)

XS
SM
MD
LG