Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

15:15 Кыргызстандык ишкерлерге биримдик жетишпейт


Бул тууралуу эки күндөн бери Бишкекте өтүп жаткан бизнес-ассоциациялардын форумунда айтылды. Ишкерлер ич ара биримдиктин жоктугу маанилүү чеимдерди кабыл алууга жолтоо болуп жаткандыгын айтышып, бийлик менен кызматташуунун зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары ишкерлер Кыргызстандын салык кодексин реформалоо, фискалдык көзөмөл органдары тарабынан жөнү жок текшерүүлөрдү азайтуу, лицензиялык уруксат берүү системасы жана сырттан келген жатырымды (инвестиция) коргоо боюнча талкуулашты.
Бизнес-ассоциациялардын форуму АКШнын Айова штатындагы агробизнес ассоциациясынын жана кыргыз ишкерлеринин демилгеси менен өтүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG