Бул каражат СПИДге каршы күрөшүү максатында бөлүндү. Республикалык СПИД борборунан алынган маалыматка караганда 12-ноябрда Кытайда Глобалдык фонддун мүдүрлөр кеңешинин отуруму болуп, 73 өлкөгө грант берүү маселеси чечилген. Алардын катарында Кыргызстанга да 28 млн доллар беш жылдык мөөнөткө берилди, 11 млн доллар алгачкы эки жыл үчүн берилет. Бул каражат 2009-жылдан тарта СПИДге каршы күрөшүү, анын алдын алуу жана дарылоого жумшалат. (ZKo)