БШК 16-декабрга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоодо баш бармакка белги коюучу жабдыктарды пайдаланат. Добуш берүү учурунда белги коюучу түссүз боек жана аны сүртүүчү жабдуулар менен даниялык фирма камсыздаары күтүлүүдө. Бул максатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп айтылат БШК тараткан маалыматта.