Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Бхутто Мушараффтын кол алдында өкмөт башкаруу сунушун четке кагып, демократияны калыбына келтирүү үчүн башка оппозиция лидерлери менен биригүүгө даяр экендигин кошумчалады. Анын аралыгында, АКШнын Мамкатчысынын орун басары Жон Негропонте Пакистанга барып, Мушарафты январдагы парламенттик шайлоодон мурда чукул абалды токтотууга көндүрүүгө аракет жасайт деп кабарланды.