Адилет Айтикеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча бүгүн эртең мененки саат онго белгиленген соту болбой калды. Анткени белгисиз себептерден улам Адилет Айтикеев УККдан шаардык сот имаратына жеткирилген эмес. Эми А. Айтикеевдин соту кайра бейшемби күнү каралмай болду. Ал кылмыш жаза кодексинин 233 беренеси боюнча массалык башаламандык уюштурду деп айыпталууда. (ESu)