“Айрым партиялар угүт иштерин эмитен эле баштаганы бизди тынчсыздантат. Баткенден биз бир партияны пропагандалаган гезит көргөн элек, азыр ал гезит бүтүндөй республикага таркатылып кетиптир”,- деди Оштогу ЕККУнун жергиликтүү бөлүмүнүн төрагасы Жером Буйжу. Анын айтымында шайлоо күнү ЕККУ эки жүзгө чукул көз карандысыз байкоочуну көз салууга тартканы жатат. Андан тышкары туруктуу 20-25 эл аралык байкоочулар шайлоо алдындагы үгүт иштерине сереп салмакчы. “Өткөн шайлоолордогу каталар жана кемчиликтер бул жолу эске алынып оңдолот го деген үмүттөмүн”,- деди Жером Буйжу мырза. (ESu)