Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

ӨЗБЕК АЙЫПКЕРИ ТҮРМӨДӨ ТОКМОКТОН ӨЛДҮ


Өткөн жумада эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму билдирүү таратып, анда Өзбекстанда тартип коргоо кызматкерлери камакка алынган адамды кыйнаган далилдер бир нече жолу катталган деп айтылат. Андан бир аз өтпөй өзбек жараны Фитрат Салохиддинов Анжияндагы түрмөлөрдүн биринде кыйноодон улам набыт болду.

Укук коргоочу Сурат Икрамовдун айтымында, Салохиддинов түрмөдө жансерек болгончо сабалган:

Мен ошол жерде болдум. Менин кеңсемде Салохиддиновго байланыштуу бардык документтер бар. Бирок тилекке каршы анын туугандары менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү болгон жок. Анткени алардын жанында Ички иштер министрлигинин террорчулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жүргөн экен. Туугандарына телефон чалуу мүмкүн эмес. Салохиддинов көкала койдой сабалганы чындык. Бирок аны тез эле көмүп койгондуктан, экспертизадан өткөрүү мүмкүнкүнчүлүгү болбоду.

Салохиддинов жети жыл мурун тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир уюмуна мүчө деген айып менен камакка алынган. 7-ноябрда тараткан билдирүүдө, Хьюман Райтс Уотч уюму БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин он көз карандысыз адисин өзбек өкмөтүн Кыйноолорго тыюу салуу тууралуу конвенцияны одоно бузгандыгы үчүн сынга алууга чакырат. Аталган комитет ноябрдын тогузунда жана он экисинде Женевада өзбек бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Комитет жолугушуунун жыйынтыктарын ушул айдын соңунда жарыялайт деп күтүлүүдө. Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюуму тараткан 90 барактан турган билдирүүдө “Өзбекстанда эч бир башка өлкөдө жок кыйноо ыкмалары колдонулуп келет” деп айтылат. Хьюман Райтс Уотч уюму өзбек өкмөтүн бул үчүн кескин сынга алды.

Уюм жолдогон кайрылууда тартип коргоо кызматкерлери айыпкерлерди суу толтурулган бөтөлкө, таяктар менен урары, алардын денесинен ток өткөрүп кыйнары айтылат. Адам укугун коргоо боюнча уюмдун Женевадагы жетекчиси Жюльет де Риверо айым “Азаттык” үналгысына буларды айтат:

Биз жолдогон кайрылууда, Өзбекстанда кыйноолор дайыма колдонулары айтылат. Тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган адам башынан бир топ кыйноолорду өткөрөт.

Өзбекстанда бийликти сындагандарга карата күч колдонуу жана аларды кыйноо 2005-жылы Анжиянда болгон коогалаңдан кийин көбөйдү. Укук коргоочулардын баамында, анда жүздөгөн адамдар набыт болгон. Өзбек өкмөтү болсо, бул окуя үчүн ислам согушчандары жооптуу деп, анда 187 адам курман болгонун айтып келет.

XS
SM
MD
LG