Кийинки он күн ичинде алар БШКга тизмесин тапшырып бүтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов «Азаттыкка» билдирди. Шайлоого катышуу эркин билдирген 50 партиянын ичинен үчөө - «Эл биримдиги», «Экономикалык кайра жаралуу» жана «Кыргызстан аялдары» партиялары шайлоого катышуудан баш тартышты. Калган партиялардын басымдуу көпчүлүгү курултайларын өткөрүп, бештен талапкерлердин ысымдарын жарыялашты. Шайлоо Кодексине ылайык саясий партиялар шайлоого 90дон кем эмес талапкер менен барышы керек. (BuS)