Алмаз Атамбаев “Алтын жээк” деген бетон чыгаруучу заводко келип, жаңы ишке киргизүүгө болгон аракеттер менен таанышты. Заводдун жетекчилиги ал үчүн өкмөттөн 5 миллион сомдой акча сурады. Ошондой эле Атамбаев Тамчы эл аралык аэропортунда болгондо, аны толук бүткөрүү үчүн 61 миллион доллардан ашык каражат зарыл болуп тургандыгын адистер белгилеп өттү. А. Атамбаев аэропортту бүткөрүүгө өлкө милдеттүү экенин айтты. Чолпоната шаарындагы суу тазалоо системасын оңдоого дагы 51 миллиондой сом бөлүнбөсө абал оор экендиги да айтылды. Алмаз Атамбаев 16-ноябрда андан ары Каракол шаары, Жетиөгүз жана Тоң райондорунда болуп, Кумтөр алтын ишканасына чейин барат. (RB)