Сузак районунан келген 14 киши облустук соттун мандайына пикетке чыгып, шаардык соттун судьясы Сулайман Атакуловдун кызматтан кетүүсүн жана анын ишин комиссия түзүп, текшертүүнү талап кылышты. Аны иштен бошотуу жөнүндө Сот адилеттиги боюнча Улуттук Кеңеш менен президентке кайрылган плакатты үч жаш бала да кармап турду. Нааразылыктын чыгышына судьянын Кыялбек Турсунбаевди аялын токмоктогу үчүн беш жылга күчөтүлгөн тартипте түрмөгө кескен чечими болгон. Адам укугун коргоочу Молдосалы Ибраимовдун айтымында, Турсунбаев аялы менен жарашып, бирге жашап атканын судья эсепке алган эмес. Облустук сот бүгүн Турсунбаевдин аппеляциялык арызын карап, ишин кыскартуу менен абактан бошотту. 14 киши баары бир судъя С. Атакуловду кызматтан алууну талап кылып, дүйшөмбү күнү да пикетке чыккан жатышат. (YA)
14:35 Жалалабат: Аялын токмоктогон адамды беш жылга түрмөгө кескен судьяны кет деп жатышат