Өкмөт башчы бул тууралуу кечээ Ысыккөлдөгү Тоң районуна барып “Төрткүл” суу сактагычынын абалы менен таанышып жатып билдирди. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда сугат жерлерди натыйжалуу пайдаланып, алардын аянтын көбөйтүп, болушунча түшүмдүүлүктүү жогорулатуу зарыл экенин баса белгиледи. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче Алмазбек Атамбаев келерки жылдары суу сактагычтарды курууга 330 миллиондон 500 миллион сомго чейин каражат жумшалаарын айткан. (EBM)