Биринчи май райондук соту кечээ Жашылдар париясынын төрагасынын орун басары Анара Султангазиеваны жана Токмоктогу ресурсттук борбордун башчысы Максим Кулешовду административдик жазага тартты. Буга чейин диктатурага каршы өткөрүлгөн иш-чаранын дагы төрт мүчөсүнө да милиция кызматкерлерине баш ийбей бейбаштык кылды деген айып тагылып, эскертүү берилген. Айыпталып жаткандар бул чечим менен макул болбой Бишкек шаардык сотко кайрылган жатышат. (EBM)