Мурдараактан күн тартибине киргизилсе да бул маселе каралбай, чет жердеги кыргыз атуулдарынын парламенттик шайлоого катышуусу гана талкууланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Акылбек Сариевдин айтымында жарым пайыздык босогону кароо бирөөлөр аркылуу атайын токтотулуп жатат. Адистердин пикиринде эгерде саясий партиялардын аймактардан 0,5 пайыз добуш алуудагы маселе чечилбесе парламенттик шайлоодо чоң чыр чыгышы ыктымал. (EBM)