Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Сауд Аравияда ОПЕКтин саммити ачылууда


Мунай экспортоочулардын ОПЕК уюмунун саммити эл аралык базарда кара майдын бир баррелинин баасы 100 долларга жакындап калган учурда өтүп жатат. Бирок эки күндүк жыйында бааны түшүрүү үчүн уюмга кирген өлкөлөрдүн базарга чийки мунайды көбүрөөк чыгаруусу жөнүндөгү маселе каралбайт. Анын ордуна узак мөөнөттү алганда дүйнөлүк базарга мунай чыгаруунун стабилдүүлүгү менен коопсуздугун камсыз кылуу жана экологиялык маселер талкууланат. Мунай экспортоочу өлкөлөрдүн бири –Ирандын президенти Махмуд Ахмадинеджад бүгүн саммитке жөнөп жатып, 100 долларга жакындап калган азыркы баа да кара майдын чыныгы наркынан төмөн экенин белгиледи. Ал ошондой АКШ доларынын нарксыздануусу мунай өндүрүүчү өлкөлөргө терс кесепетин тийгизип жатканын кошумчалады. Анткен менен ОПЕКтин башкатчысы Абдалла Салем ал-Бадринин билдирүүсүнө караганда, саммиттин жыйынтыктоочу документинде АКШ долларынын нарксыздануусу боюнча тынчыздануу айтылбайт. ОПЕКтин үлүшүнө дүйнөнүн мунай өндүрүшүнүн 40%ы туура келет.

XS
SM
MD
LG