Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Ооганстандын түштүгүндө АКШ баштаган коалициянын күчтөрү менен талиб согушкерлери кайрадан кагылышты


Бул ирээт Талибандын 20дан ашуун согушкери жок кылынып, 11и туткундалган. Окуя Гильменд провинциясында АКШ баштаган коалициянын аскерлери курал издөө операциясын өткөрүп жаткан учурда болду. Ал эми өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Гор провинциясында полициянын отряды талибдердин буктурмасына кабылган. Төрт полицей каза таап, бешөө жаракат алганы, бир канчасынын дайын-дареги белгисиз экени кабарланды.

XS
SM
MD
LG